“Менин кичинекей периштемди мектепке жайгаштырууга убакыт келди”, - деп ойлоду периште.
Аны алып алып, экөө чоң имаратка ачык турган терезеден учуп киришти.
“Периштедей чыдамкай, Жүрөктөн жарал-ган мугалимди тандоо керек, анктени менин кичинекей периштем али периште боло элек, ал тынчы жок шок, мүнөзү да өжөр...”.
Ал бир мугалимдин сабагына баш бакты да, корукпу кетти – ал окуучуга кыйкырып, аны урушуп жаткан эле:
- Мен сени, ушундай мээримсиз немени, бешинчи кабаттан ыргытып жиберет болчумун... Жогол класстан!
“Ырайымсыз... Жүрөктөн жаралган эмес бул...”
Башка дагы бир класстык бөлмөдө мугалим аял окуучулардын алдында олтуруп алып, буттарын учкаштырып коюп, тырмактарын аздектеп жаткан, ар бир бармагынын тырмагында ушунчалык билгичтик менен кичинекей жүрөкчөлөр тартылган эле. Бирок ошол эле убакта ал текшерүү иш жазып жаткан окуучуларын кыраакылык көзөмөлдөп, бири биринен көчүрүп алууга болгон аракеттерин тоостукундай болгон үнү менен эскертип жатты.
“Митаам... Жүрөктөн жаралган эмес бул...”
Кийинки бир класста окуучу доскага мугалим окуп берген сүйлөмдү жазып жатат: “Эң башкы нерсени көзүң менен көрө албайсың – Жүрөк гана кыраакы”.
Окуучу ката кетирип, “кыракы” деп жазып койду. Мугалим ачууланды:
-Канча жолу түшүндүрүш керек сага... Апкел күндөлүгүңдү... Эки!
Окуучу ыйлап жиберди.
Периште кийнки класска баш бакты – ал жерде мугалим математика сабагын өтүп жатыптыр.
-Эсептегилечи, эгерде Жүрөк минутасына 56 жолу соксо, ал сутка ичинде канча жолу согот...
Бир окуучу, эсептебей туруп эле, кыйкырды:
-80640 жолу... Жумасына – 564 480 жолу... Айына ... Жылына...
Балдар оозу ачылып калды. Мугалим болсо окуучунун сөзүн оройлоно бузду:
-Эмне үчүн сен ордуңдан кыйкырып жатасың, анын үстүнөдагы менин уруксатымсыз...
“Орой. Жүрөктөн жаралган эмес бул...”
Кийинки класс аарынын уюгундай ызылдап жаткан: мугалим менен окуучулар чыдамкайлык менен, бири бирине жардам берип, сүйүктүүлүк менен билим жыйнап жатышкан болчу. Мугалимдин үнү менен камкордугу бир музыкага, таанып-билүү кубанычына айланып жаткан.
“Мына Жүрөктөн жаралган мугалим, периштедей чыдамкай...” – деп ойлоп, периште өзүнүн кичинекей периштесине мындай деди: -Ушул мугалимден окуйсуң. Анын ар бир сөзүнө көңүл кой”.
Мектептен учуп чыгып баратып, периште капалуу ойлонду: “Бардыгы Жүрөктү эстешет, бирок Жүрөк менен жашоону каалашпайт... Өз окуучуларынын көңүлүн оорутуп, жүрөгүн майып кылбасын үчүн бардык “жүрөкчүл” маскарапоздорду чыгарып салуу керек”.
Бирок периште муну кантип жасоону билбеди.
Шалва Амонашвили
Кыргызчалаган Кыялбек Акматов