Skip to content Skip to navigation

МУГАЛИМ МЕНЕН ОКУУЧУЛАР

- Сенден адам деле чыкпайт! – деп, ачууланып мугалим окуучуга өзүнүн “пайгамбарлыгын” көрсөттү.
- А сизден мугалим чыгыптыр да, э? – деп окуучу капалуу сурады.

* * *
Мектепке үч мектептен куулган жаңы окуучуну апкелишти.
Бир мугалим сабакка кирип, ага карады да: “Ушундайлар кайдан чыгар экен...” деп ойлоп койду.
Башка мугалим келди. Жаңы окуучуну көрүп, жинденип айтты:
- Сен эле жетишпей жаттың эле...
Сабакка үчүнчү мугалим келди.
- Бизге жаңы окуучу келдиби? – деп кубанды ал.
Жаңы окуучунун жанына келип, колун кысты да, көзүнө карай жылмайып, мындай деди:
- Саламатсыңбы!.. Мен сени күткөм!..

* * *
Улгайган бир аял мугалимден суранды:
- Мен неберем менен жалгызмын, ата-энеси аны таштап кеткен...
Ал болсо мени укпайт... начар компанияга тушукса, эмне болор экен?... Сиз аны өз көзөмө-лүңүзгө алыңыз, Кудай ыраазы болот...
Мугалим анын сөзүн бөлдү:
- Менин сиздин небериңизсиз деле түйшүгүм жетиштүү... – деди да алыстап кетти.
Чоң эне башка мугалимди издеп, ага да жалбара баштады.
Мугалим ага түшүндүрдү:
- Билесизби, мектепте мындайлар канча экендигин?.. Мен баарынын артынан жүрө албайм!..
Чоң эненин көңүлү калды. Ыйлады.
Жанынан жаш мугалим өтүп бараткан эле. Токтоду.
- Сизге жардам керекпи? – деп сурады боору ачып.
Чоң эне жаш мугалимге өз кайгысы жөнүндө айтып берди.
- Ыйлабаңыз, чоң эне! – деди жаш мугалим. – Сиздин небереңиз жакшы... Каалайсызбы, мен ага насаатчы болоюн?

Шалва Амонашвили
Кыргызчалаган Кыялбек Акматов