Skip to content Skip to navigation

Блог

Эч кайсы билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору болушу мүмкүн эмес деген учкул сөздүн маанисин талдап көрсөк, мугалимдердин деӊгээли билим берүү сапатын аныктай тургандыгын түшүнөбүз. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Чын эле, билим сапаты мугалимдин кесипкөй деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп бакубат болуусуна түздөн түз таасир этет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана рухий маселелердин күчөшүнө таасир этиши мүмкүн. Керек болсо

Учурда тарбиянын, жаштарды тарбиялоонун абалы Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө боюнча көйгөйлүү деп айтсак болот. Кайсы гана мамлекетти албайлы – Америкабы, Батыш өлкөлөрүбү, Азия мамлекеттериби, ал тургай, динге бекем берилген араб мамлекеттериби, баарында адистердин, окумуштуулардын жаштарды тарбиялоо жаатында абал начар деп коңгуроо кагуусу жылдан жылга күчөп барат.
Демек, тарбия маселеси дүйнөлүк деңгээлде кайра кароону талап кылууда.
Кыргызстанда бул жаатта абал кандай же кандай кемчиликтер кетүүдө?

Өлкөнүн келечеги билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштардан көз каранды. Өнүкөн өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү эң негизги ресурс – адам ресурсу. Кен байлык сыяктуу башка жер ресурстары убактылуу жана кыска мөөнөттүү гана болуп эсептелет. Мындан улам, биз приоритеттерди туура аныктап, алтынга же башка баалуу затка эмес, адамдарга көп инвестиция жасоо туура. Себеби, ар иштин башында адам турары шексиз. Адамдарга кандай инвестиция жасашыбыз керек? Чү дегенде эле сапаттуу билим берүү системасын куруу зарыл. Күчтүү мамлекеттин түптөлүшү мыкты жана натыйжалуу билим берүүдөн башталат.

Окуучуларга байланышкан түрдүү окуяларды баштан ѳткѳрүү, ар кандай мүнѳздѳгү ата-энелер менен сүйлѳшүү күнүмдүк адатка айланган кѳрүнүш.
Бүгүн да биринчи сабак баштала электе 3-класста окуган баласын жетелеп, ачууланып, албууттанып алган эне келди. Баласынын алакандарын кѳрсѳтүп “6-класста окуган бир бала колдорун зажигалка менен күйгүзүптүр. Силер карабай эмне кылып жүрѳсүңѳр. Мен силердин үстүңѳрдѳн арызданам. Балдарга тарбия бербейсиңер” - деп кыйкырып кирди. Бала болсо энесинин айтканын кайталап саймедирейт. Эненин талабы боюнча окуучуну таап жазалашыбыз керек экен.

«Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бир мектепке сабакка байкоо жүргүзүү үчүн бардым. 5-класста ѳтүлүп жаткан математика сабагына катыштым. Менин милдетим сабак башталардан 2-3 мүнѳт мурда кирүү, сабактын ар бир этабына, мугалимдин, окуучулардын иш-аракеттерине кылдат байкоо жүргүзүү, атайын мага берилген баракчаларды толтуруу.

“Менин кичинекей периштемди мектепке жайгаштырууга убакыт келди”, - деп ойлоду периште.
Аны алып алып, экөө чоң имаратка ачык турган терезеден учуп киришти.
“Периштедей чыдамкай, Жүрөктөн жарал-ган мугалимди тандоо керек, анктени менин кичинекей периштем али периште боло элек, ал тынчы жок шок, мүнөзү да өжөр...”.
Ал бир мугалимдин сабагына баш бакты да, корукпу кетти – ал окуучуга кыйкырып, аны урушуп жаткан эле:
- Мен сени, ушундай мээримсиз немени, бешинчи кабаттан ыргытып жиберет болчумун... Жогол класстан!

Мугалимдер кеңешме өткөрүп, мындай жыйынтыкка келишти: окуучуларга ак пейилдүү-лүк үрөнүн себүү үчүн, алар Жүрөктөрүн ачып бериши керек.
Бирок буга кантип жетишүүгө болот?
- Балким, бизге илим жардам берер? – дешип, квалификацияны жогорулатуу курстары-на багыт алышты.

- Сенден адам деле чыкпайт! – деп, ачууланып мугалим окуучуга өзүнүн “пайгамбарлыгын” көрсөттү.
- А сизден мугалим чыгыптыр да, э? – деп окуучу капалуу сурады.