Skip to content Skip to navigation

ЖӨНДӨМҮҢӨРДҮ МАГА БЕРГИЛЕ

Мугалимдер кеңешме өткөрүп, мындай жыйынтыкка келишти: окуучуларга ак пейилдүү-лүк үрөнүн себүү үчүн, алар Жүрөктөрүн ачып бериши керек.
Бирок буга кантип жетишүүгө болот?
- Балким, бизге илим жардам берер? – дешип, квалификацияны жогорулатуу курстары-на багыт алышты.
Ал жерде профессорлор окутуунун принцип-терин, усулдарын, формаларын түшүндүрүштү, тарбиялоо максаттары менен усулдары жөнүндө сүйлөштү, билим берүү стандарттары жөнүндө, реформалар жана концепциялар тууралуу айтып беришти. Андан кийин квалификациясын жогорулатуу тууралуу күбөлүк тапшырып, “Алга умтулгула!”- дешти.
Мугалимдер ээ болгон билимдерин практика-да колдонушту, бирок окуучулар аларга жүрөктө-рүн ачып бербеди.
- Бизге психологиялык билим жетишпей жатат! – деп чечишти алар.
Ошентип, экинчи адистикке ээ болууга шашышты.
Өз акылдарын бир топ психологиялык түшүнүктөргө толтуруп алып, практикалоого киришишти.
Бирок окуучулар баары бир өз Жүрөктөрүнө баш бактырбай коюшту.
-Балким, Батыш жардам берет!
Ошентип, океандын ары жагынан “билим берүүнү жаңы технологиялары” боюнча адистер-ди чакырышты. Алар болсо ментордук позада туруп алып, кандайдыр бир тумандашкан – өтө эле заманбап, өздөрү ишендиргендей, керек болсо, болочоктон алынган “интерактивдүү технологияларды” үйрөтүштү.
Бирок бул жаңыдан жаңы технологиялар да иштеген жок.
Мугалимдер капаланып, өз окуучуларынын Жүрөктөрүнө ак пейилдүүлүктүн үрөнүн себүүгө жол таба алышпады.
-Балким, Акылдуулук скатап калат? – дешти алар.
Үңкүрдө олтурган Акылманды издеп табышты.
- О. Акылман, - деп жалбарышты алар, - биздин окуучулардын Жүрөгүнө барчу жолду бизге көрсөтчү, аларга ак пейилдүүлүктүн үрөнүн себүү керек, болбосо бул муун катаал болуп баратат!
Акылман мындай деди:
Силердин окуучулардын Жүрөктөрүнө барчу жолду берем, бирок мага анын ордуна жөндөмүңөрдү бергиле.
Мугалимдер бири бирин карап калышты: кандай жөндөмдү сурап жатат Акылман?
Ошондо Акылман мындай деди:
- Кимде кыжырдануу болсо, кыжырдануусун мага берсин.
Кимде ачуулануу болсо, ачуулануусун берсин.
Кимде ырайымсыздык болсо, ырайым-сыздыкты берсин.
Кимде шектенүү болсо, шектенүүнү берсин.
Кимде жек көрүү болсо, жек көрүүнү берсин.
Кимде жаалдануу болсо, жаалданууну берсин.
Кимде коркунуч болсо, коркунучту берсин.
Кимде чыккынчылык болсо, чыккын-чылыкты берсин.
Кимде ырым-жырымга ишенүү болсо, аны берсин.
Кимде терс ой-кыялдар болсо, терс ой-кыял-дарын берсин.
Эгерде бир ууч жаман адаттарды берсеңер да,
мен ошол чаң баскан “шылдыракты” да аламын.
Бирок, белекке алынган нерсени тартып алган адам эмнеге татыктуу экенин эстен чыгарбагыла.
Ошентип, мен силердин Жүрөгүңөрдүн кемтиктерин кабыл алдым,
Ал эми тазарып калды.
Анда эмесе силерге Акылдуудулукту ачып берейин:
Окуучунун Жүрөгүнө барчу жол – мугалим-дин таза Жүрөгү.

Шалва Амонашвили
Кыргызчалаган Кыялбек Акматов