«Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы бир мектепке сабакка байкоо жүргүзүү үчүн бардым. 5-класста ѳтүлүп жаткан математика сабагына катыштым. Менин милдетим сабак башталардан 2-3 мүнѳт мурда кирүү, сабактын ар бир этабына, мугалимдин, окуучулардын иш-аракеттерине кылдат байкоо жүргүзүү, атайын мага берилген баракчаларды толтуруу.
Мугалим кечигип кирди. Окуучулар сүрѳт сабагы эле дейт, эжеке математика дейт. Класстын ичи чаң-тополоң. Акыры мугалим жеңди, сабак башталды. Ким бар, ким жок сурабады. Доскага теманы жазды да бир мисал менен 3-4 мүнѳттѳ түшүндүрдү. Мугалимдин «түшүндүңѳрбү, балдар?» деген суроосуна жабыла «ооба» деп жооп беришти.
Негизи окуучулар «түшүндүңѳрбү?» деген мугалимдин суроосуна «түшүнбѳдүк» деген жоопту кездештире элекмин. Бул жолу да ушундай болду.
Мугалим: «Тынч олтургула, аркада комиссия олтурат. Жаман болсоңор делоңорду колуңарга берип мектептен айдап жиберет» - деп айтып, столго олтурду да сабакты улантты. Окуучуларга тапшырма берип коюп, классты аралап басып жүрдү. Сабак боюнча ашыкча сѳз айтпады. Болгону анда-санда «Асан Айнурга тийишпе», «Бекзат түз отур», «Самат алдыңкы катарга келип отур», «Жеңиш сага баары бир эки коем», «Үмүт сен аны кайдан алдың?» деп, кыйкырып коет. Анча-мынча суроо берген балдар жооп алган жок. Эч ким доскага чыкпай доска томсоруп калды. Артта отурган бала эжекенин мисалын иштеген жок, сабакка кѳңүл деле бѳлгѳн жок, дептердин бети менен толтуруп кыялындагы машинанын сүрѳтүн тартып бүттү. Абдан кооздоп боеду. Кыңылдап ѳзү менен ѳзү сүйлѳшүп, кубанып олтурду.
Аңгыча чыгууга коңгуроо кагылды. Мугалим эжей 25 жылдык тажрыйбасындагы дагы бир математика сабагын ушинтип бүтүрүп класстан чѳгүңкү маанайда чыгып кетти.
Мугалим менен коңгуроодо усулканада жолуктук. Интервью алышым керек эле. Алгачкы суроом: «Эжеке, бүгүнкү сабагыңыздын иштелмесин кѳрсѳм болобу?». Эжеке: «Балам, менин сага суроом бар. Айтчы, мен 25 жыл иштедим иштелме жазышым керекпи же жокпу?» деди. Ошол суроону кайра ѳзүнѳ бердим. Эжей, ачуулуу: «Мен жазбайм. 25 жылдын ичинде баарын жаттап бүттүм. Уктап жатып да жооп бере алам. Мен эмне кемчонтоймунбу кайра-кайра эле билгенимди кагазга түшүрѳ бергидей» деп урушуп койду.
Бирок мен 25 жыл иштеген тажрыйбалуу мугалимдин сабагын кѳргѳн жокмун. Жакшы сабак болгон жок. Математиканы жакшы билген 5-6 окуучудан башка бири да эч нерсе түшүнгѳн жок. 45 мүнѳт аргасыз олтурушту. Сүрѳт тарткан бала сыяктуу окуучулар ѳздѳрү жакшы кѳргѳн ишти аткарышты. Улуу педагогдор «Мугалим бир саат сабак ѳтүш үчүн, тѳрт саат даярданыш керек» деген пикирди бекеринен айтышкан эмес. Урматтуу кесиптештер, ар бир сабак балдардын келечек тагдыры экенин унутпасак. Кудайдан коркуп, пендеден уялып сабак ѳтсѳк.
Кыялбек Акматов
педагогика илимдеринин доктору, доцент