Skip to content Skip to navigation

ЖАЛГАН АЙТУУГА ҮЙРѲТКѲН ЭНЕ

Окуучуларга байланышкан түрдүү окуяларды баштан ѳткѳрүү, ар кандай мүнѳздѳгү ата-энелер менен сүйлѳшүү күнүмдүк адатка айланган кѳрүнүш.
Бүгүн да биринчи сабак баштала электе 3-класста окуган баласын жетелеп, ачууланып, албууттанып алган эне келди. Баласынын алакандарын кѳрсѳтүп “6-класста окуган бир бала колдорун зажигалка менен күйгүзүптүр. Силер карабай эмне кылып жүрѳсүңѳр. Мен силердин үстүңѳрдѳн арызданам. Балдарга тарбия бербейсиңер” - деп кыйкырып кирди. Бала болсо энесинин айтканын кайталап саймедирейт. Эненин талабы боюнча окуучуну таап жазалашыбыз керек экен.
Баланы жетелеп алып ар бир класска кирип күнѳѳлүүнү издедик. Акыры “ушул менин колумду күйгүздү” деп бирѳѳнү кѳрсѳттү. Күнѳѳлүүнүн ата-энесин, жаш ѳспүрүмдѳр менен иштеген инспекторду чакырдык. Жабыркаган баланын энеси болсо албууттанганын токтоткон жок, күйѳѳсү да ага кошул-ташыл болду. Күнѳѳлѳнгѳн окуучу болсо бул баланы кѳрбѳгѳндүгүн, такыр сүйлѳшпѳгѳндүгүн айтып ыйлайт, классташтары да анын күнѳѳлүү эмес экендигин, жабырланган бала жалган сүйлѳп жаткандыгын айтышты. 7-8 бала ѳз алакандарын кѳрсѳтүштү. Алардын алакандары да күйгѳн баланыкына окшош эле. Кѳрсѳ ак кол болуп калган шаардык балдар турникке тартынып ойногондо колдору ошентип күйгѳн сыяктуу сыйрылып калыптыр.
Баарынан да ачуулуу ата-энени ынандыруу кыйын болду. Жаш ѳспүрүмдѳр менен иштеген инспекторго жабырланган бала менен жекече сүйлѳшүп, чындыкты айтпаса ата-энесин камап коерун айтыптыр. Баланын иши чала деген ошол да, коркуп кетип: “Мен эч ким күйгүзбѳгѳнүн, колум турникке сыйрылганын айткам. Апам эле болбой колуңду бирѳѳ күйгүзгѳн деп туруп алды. Ошентип айтасың деди. Кайра-кайра кыйнай бергенинен ошенттим” деп агынан жарылыптыр. Чамынып аткандар баласынын чындыкты айтканынан бир чети ачуусу келсе, бир чети жер карап уялып баарыбыздан кечирим сурап, араң басып чыгып кетишти.
Менин да балдарым бар. Бирок ушундай деңгээлде жалган айтууга үйрѳтпѳйм да. Булардын жоругуна зээним кейиди. Баласын жалган айтууга мажбурлаган энеде кайдагы тарбиянын үлгүсү болсун. Балтыр эти толо элек, ак-караны араң ажыратып келе жаткан бала ата-энеден кѳргѳнүн жасайт да. “Алма сабагынан алыс түшпѳйт” деген кептин тѳркүнүнѳ ушул сыяктуулар мисал болобу деп койдум.

Кыялбек Акматов
педагогика илимдеринин доктору, доцент