Skip to content Skip to navigation

Сапаттуу Билим + Туура Тарбия = Жаркын Келечек

Өлкөнүн келечеги билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштардан көз каранды. Өнүкөн өлкөлөрдүн өнүгүүсүндөгү эң негизги ресурс – адам ресурсу. Кен байлык сыяктуу башка жер ресурстары убактылуу жана кыска мөөнөттүү гана болуп эсептелет. Мындан улам, биз приоритеттерди туура аныктап, алтынга же башка баалуу затка эмес, адамдарга көп инвестиция жасоо туура. Себеби, ар иштин башында адам турары шексиз. Адамдарга кандай инвестиция жасашыбыз керек? Чү дегенде эле сапаттуу билим берүү системасын куруу зарыл. Күчтүү мамлекеттин түптөлүшү мыкты жана натыйжалуу билим берүүдөн башталат. Башкача айтканда, мамлекет балдарга кичине кезинен тарта эле кам көрүп, алардын билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу болуп өсүшүнө шарт түзө турган программалар иштелип чыгышы керек. Кыргызстанды Япония менен салыштырып көрөлүчү. Биздикиндей эле аянтка ээ, эч кандай кен байлыгы жок жана тамак-аштын 90%ы сырттан импорттолот. Бирок кандай деңгээлде өнүккөн мамлекет экенине баарыбыз күбөбүз. Komatsu дүйнөдөгү эң чоң техникаларды чыгарган компания болуп эсептелгени менен, өзүнүн карамагында ошол техникаларды чыгара турган материалдары жок. Алар башка мамлекеттерге таандык материалдарды колдонуу менен жеке Япониянын продукциясын даярдап жатышат. Мындай жетишкендикке бир гана билим менен жетүүгө мүмкүн. Япония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өтө оор абалда калган эле. Жок болуп кетүү коркунучу туулган. Алар өз мамлекетин кайрадан түптөө үчүн сапаттуу билим керек болорун жакшы түшүнүшкөн. Ошентип, акылдуу жаштарын тандап алып, Европанын жана Американын эң алдыңкы окуу жайларындагы инженерия, бизнес жана так илимдер бөлүмдөрүнө окууга жиберип, окуусун аяктаган соң, кайра алып келип, тобокелчиликтен коркпой туруп, жаштарын жоопкерчиликтүү кызматтарга дайындаган. Натыйжада эң кыска убакыт ичинде болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыгышты. Бул мисал билимдин өлкөнүн өнүгүүсүнө тийгизген таасирин таамай көрсөтүп турат.

Мен өзгөчө аялдардын билимдүү болуусу канчалык маанилүү экенин баса белгилегим келет. Жогоруда айтылгандай, билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштар өлкөнүн келечеги. Бирок аларды мына ошондой мыкты деңгээлде ким тарбиялайт? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, баланын тарбиясы 70% энеден көз каранды. Демек, келечекте сапаттуу муунду тарбиялай турган кыздарыбыздын сапаттуу билим алышына бүгүн шарт түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, учурда биз келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга калыптанып калган эски көз караш таасир этүүдө. “Кыздын барар жери күйөө” деп, алардын билим алуусуна каршылык көрсөтүп, эптеп окууну бүтсө эле, турмушка узатып жиберүүгө шашабыз. Жыйынтыгында, улан-кыздар үй-бүлөнүн ыйыктыгын, турмуштун өйдө-ылдыйын жакшы түшүнө элек, моралдык жактан жетиле элек кезинде түтүн булатып калып жатышат. Мындайда финансылык жетишпестиктер жаралат. Ошентип, учурда турмуш кургандардын 70%ы ажырашууда. Бул нерседен кыздар жана наристелер көп запкы чегет. Эркектер көп учурда үй-бүлөсүн таштай качып кутулат. Эгерде келечектеги энелерге, тактап айтканда, азыркы кыздарыбызга сапаттуу билим берсек, мына ушундай бир топ көйгөйлөрдөн заматта кутулабыз. Үй-бүлөлөр сапаттуу жана бекем болот. Ал эми мындай үй-бүлө тарбиялуу, ыймандуу жана билимдүү жаңы муунду тарбиялай алат.

Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар. Азыр балдарды тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялоо керек болуп турат. Себеби, турмуштун айынан көп ата-энелер балдарына тарбия бермек турсун жетишерлик көңүл бурбай калды. Ата-энелер көп учурда балдарыбыз бизди укпайт деп арызданышат. Мунун себеби эң жөнөкөй: ата-эне балага үлгү боло албай калды. Мындан улам, алардын айтканы бала үчүн таасирин жоготту. Балдар чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, айткан сөзү жасаган иши менен дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат. Англичаниндер: “Балаңды тарбиялабай эле кой. Ал ансыз да сени тартат. Андан көрө, сен өзүңдү тарбияла” дешет. Демек, ата-эне баласынын тил алышын кааласа, баарынан мурда өз баласы үчүн үлгү боло алышы керек. Биз ата-эне катары эч нерсе билбей же балдарга терс өрнөк берип турсак, алар бизди кайдан уксун?

Өзүм күбө болгон кызыктуу окуяны айтып берейин. 2018-жылдын декабрь айы болчу. Ата-энемди Американын Хьюстон шаарында жайгашкан Rice университетине алып бардым. Бул университет Американын мыкты окуу жайларынын ичинде 14-орунда турат. Кампусу өтө кооз жана кенен. Бул жерде билим алууну миллиондогон америкалык студенттер кыялданат. Университетте эч ким жок, айлана жымжырт. Ата-энеме Америкада студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн кандай сонун шарттар түзүлгөнүн көрсөтүп жүрдүм. Алар окуу жайдын кампусун, китепканасын жана лабороторияларын көрүп суктанып жатышты. Кампуста жалгыз жүрөбүз деп ойлогом. Бирок бир маалда 3-4 класстын окуучуларынан турган 10-12 кишилик топту көрүп калдык. Мугалимдер бул окуучуларга университетти көрсөтүп, тааныштырып жүрүшүптүр. Мугалимдер балдарга эмне айтып берип жатканына кулак салдым. Уккан кулагыма ишенбей абдан таң калдым. Ал окуучуларына: “Силер акылдуусуңар, силер кыйын балдарсыңар. А бул Американын мыкты университеттеринин бири. Силер мына ушул окуу жайдан билим алышыңар керек. Сапаттуу билим алып, кийин Американы башкарышыңар керек” деп жатты. Алар бизге жакындаган сайын, мугалимдин сөзү даана угула берди. Балдар мага жакындай бергенде, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Баш кийимдеринен улам алардын еврейлер экенин байкадым. Чындыгында, Американы еврейлер башкарат. Көрсө, алар балдарын кичинесинен тартып эле дүйнөнү башкарууга тарбиялайт экен. Бул идеяны алар акырындык менен сиңире берет тура. А бизде абал кандай? Тескерисинче, баланы башка теңтуштарына салыштырып, билбеген нерсеси үчүн “ушуну да билбейсиңби?” деп кемсинтип, шагын сындырып отуруп, балдардын өзүнө болгон ишенимин жоготуп коюп жатабыз. Кимибиз кичине балдарыбызды Бишкектеги БААУга (Борбор Азиядагы Америка Университети) алып келип, кыдыртып, “сен акылдуусуң, сен мыктысың, сен келечекте Кыргызстанды башкарасың” деген сыяктуу шык берүүчү сөздөрдү айттык?

Азыр биз баарынан мурда балдардын келечегине инвестиция жасашыбыз керек. Эң ишенимдүү жана чоң инвестиция – бул билимге жасалган инвестиция. Себеби, билим эч качан алдабайт жана билимде эч качан банкрот болбойсуң. Эгер биз бүгүн балдарыбыздын сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп бербесек, кийин кудум биз сыяктуу кыйналышат. Албетте, биздин сапаттуу билим ала албай калганыбызга ошол кездеги экономикалык, социалдык абал себепкер болгондур. Бирок азыр сапаттуу билим алуу үчүн мүмкүнчүлүктөр көп болуп турган убакты да балдарыбыздын пайдасына пайдалана албасак, анда бизге кечирим жок. Банктардан чоң суммага насыя алып, той өткөрүп, чоң карызга батып, кайра бутка тура албай калган үй-бүлөлөр көп. Балдарына кымбат гаджеттерди, унаа, кийимдерди алып бергендер да бар. Ошол каражатты балдардын билимине салсак, эч бир кыйынчылыктарга моюн сунбай, уул-кыздарыбызды окутуп алсак, келечек муундун алдындагы жүзүбүз жарык болор эле.

Автор: Алмаз Арапов

PS:
Баса макала жаккан болсо. Өз баракчаңыздарда досторуңуз менен да бөлүшүп коюуңузду суранабыз. Балким аларга да пайдасы тийип калаар.
Алдын ала чооң рахмат.

#жаштар #мамлекет #кайрымдуулук #студент #китеп #мотиватция #тренинг #бишкек #ош #баткен #талас #нарын #кыргызча #макала #аракет #кыргызстан #success #reading #motivation #education #passion #kyrgyzstan #covid #influencer