Skip to content Skip to navigation

БАЛДАРЫБЫЗДЫН ТАРБИЯСЫ КАНДАЙ БОЛСО ДЕЙСИЗ

Учурда тарбиянын, жаштарды тарбиялоонун абалы Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй дүйнө боюнча көйгөйлүү деп айтсак болот. Кайсы гана мамлекетти албайлы – Америкабы, Батыш өлкөлөрүбү, Азия мамлекеттериби, ал тургай, динге бекем берилген араб мамлекеттериби, баарында адистердин, окумуштуулардын жаштарды тарбиялоо жаатында абал начар деп коңгуроо кагуусу жылдан жылга күчөп барат.
Демек, тарбия маселеси дүйнөлүк деңгээлде кайра кароону талап кылууда.
Кыргызстанда бул жаатта абал кандай же кандай кемчиликтер кетүүдө?
Биринчиден, коомдогу асылдыктардын (баалуулуктардын) өзгөрүүсү, алмашуусу же жоголуп, баркын, наркын жоготуусу тарбияга абдан күчтүү таасир этүүдө.
Экинчиден, кийинки кезде күчөп кеткен күчтүү мамлекеттердин алсыз мамлекеттерге басым жасоосу, анын сыңарындай, коомдо да колунда бийлиги, байлыгы бар адамдардын башкаларга үстөмдүк кылуусу, мыйзамды сыйламак турсун, өздөрү мыйзам болуп алгандыгы тарбия маселесин аңга түртүүдө.
Үчүнчүдөн, айрым бир өлкөлөрдө эле эмес, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерде коррупциянын күчөшү тарбияны алсыздандырып салды. Коррупция күчтүү жерде чыныгы асылдык болбойт, алар өзгөрүп кетет. Ошол эле учурда асылдык чабал же жок жерде тарбия болбойт.
Төртүнчүдөн, демократиянын шарданына жамынып, асылдыктар туура эмес түшүнүлүп, колдонулуп калганын көрүүгө болот. Маселен, бала ата-энени угуп, сыйламак турсун, ата-эне баладан көз каранды болуп калган учурлар бар, кааласа бала ата-энесин сотко берет. Ушул асылдыкпы? Өткөндө жумуштан кечирээк чыгып, жолдо радиодон угуп калдым. Кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү өнөр адамы, эжебиз, «СССРдин Эл артисти» сыйлыгын иш сапарда жүрүп алгандагы сезимдерин, күйөөсүнүн ага маңдайы жарыла кубанганын, бул сыйлыкты алганы менен иш сапарда жүргөн мамлекеттин маданият министри баш болуп жогорку деңгээлде дароо куттуктаганын абдан жандуу, элестүү айтып берип жатыптыр. Жубайлардын, маданиятты баалаган адамдардын бири-бирине болгон сый-урматына ичим жылыды, көңүлүм көтөрүлдү. Үйгө келсем, бир теледе зомбулукка каршы туруу тууралуу шоу болуп жатыптыр. «Көбүнчө эркектер зомбулук көрсөтөт, сага кордук көрсөткөнгө жол бербе, дарт десе балаа де, колуңдан келишинче ага каршы тур, жемиңди жедирбе, керек болсо каматып сал…» деген сыяктуу сөздөрдү биринен бири өтүп, алкынып айтып жатышат. Көтөрүлгөн маанайым кайра түштү. Жубайлар ынтымак болгула деген, үйдө ынтымак, биримдик, бири-бирин урматтап, сыйлоонун болушу асылдыкпы же бири-бириңе душман бол, колуңардан келгиче күрөшкүлө, азабын бергиле, өчүңдү ал деген, ит-мышыктай ыркырашкан (керек болсо азыр ит-мышык деле ыркырашпай, ынтымак болуп калышты), бири-бирин укпаган, жек көргөн, кармашып-тытышкан асылдыкпы?!. Эмне үчүн ынтымакка чакырган берүүлөрдү анда-санда араң көрүп калсаң, экинчи чакырыктагыдай берүүлөр теле, радиодон дээрлик күн сайын байма-бай чыгып жатат.
Айтмакчы, баалуулук дегендин ордуна асылдык (дөөлөт, нарк) деген сөздөрдү колдонууну сунуштайт элем.
2005-жылы «Де-факто» гезитине «Сөз кудурети» аттуу макала жарыялаган элем. Анда: «Жаңыдан өлкөбүз эркиндик алганда, «эгемендүүлүк» деген термин пайда болду. «Эгемен» дегендин өзү эле эркин дегенди түшүндүрүп турса да, болбостон эле эмне үчүн «эгемендүүлүк» деп пайдаланабыз?.. «Эгемен» менен «эгемендүү» дегендин айырмасы чоң, «суу» менен «суулуу» дегендей сөз. «Суулуу» деген бул суу эмес, бирок суусу бар дегенди билдирет, демек, «эгемендүү» деген толук эркин эмес, бирок кайсы бир деңгээлде эгемендиги бар дегенди түшүндүрөт»,- деп жазылган эле.
Ушул өңүттөн алганда, «баа» деген уңгуга -луу мүчөсү уланып, абдан баалуу эмес экендигин көрсөтсө, «асыл» дегенде, дароо эле өзгөчө бийик сезим, касиет тууралуу сөз болот. Сөздүн өзү да кыска жана нуска. Ошондуктан «баалуулук» дегендин ордуна «асылдык» деген сөздү колдонуу туура болмок.
Тарбия учурда кандай ишке ашып жатат?
Учурда тарбиялоо окуу предметтерди окутуп-үйрөтүү аркылуу ишке ашат. Базистик окуу планда 7 билим берүү чөйрөсү боюнча окуу предметтер бар. Бала ошол предметтер боюнча билим, билгичтик, көндүмдөрдү, компетенттүүлүктөрдү өздөштүрүп жатып тарбияланат. Аны «таалим-тарбия» деп атасак туура болчудай, биринчи бөлүгү билим алуу болсо, экинчи бөлүгү тарбия болуп, алар тыгыз айкалышып калмак.
Ар бир окуу предметтин тарбиялык дарамети абдан чоң. Карап көрөлүчү, адабият, музыка, көркөм өнөр, эне тил, тарых, адам жана коом, табият таануу, география, физика, биология, математика, дене тарбия ж.б.
Окуу предметтерге кошумча тарбиялык сааттар, класстан тышкаркы ишмердик, коомдук иш-чаралар бар.
Бул жакшы концепция. Анткени жайдак жерде тарбия пайда болбойт. Ал бир нерсе менен алектенүү, ишти өз алдынча, башкалар менен бирге аткаруу учурунда, эмгек процессинде калыптанат. Бирок, мындай мамиле иштебей жаткандыгын коомдогу тарбиянын абалы айкын көрсөтүп турат.
Эмне үчүн мындай мамиле натыйжалуу болбой жатат?
Окуу предметтер боюнча жүктөм өтө көп. Жылдан жылга сааттардын саны кыскарганы менен, мазмун, материалдын көлөмү дээрлик азайган жок. Маалымат жылдан жылга тездик менен көбөйүүдө. Натыйжада мугалимдер предметти окутуу учурунда анын тарбиялык жагына көңүл бурмак турсун, предметтин өзүндөгү материалдарды өткөнгө убактылары жетпей калууда.
Экинчиден, ашыкча кагаз иштери, түрдүү отчеттор мугалимдердин көп убактысын алып, тарбиялык иштерге көңүл буруусуна убактысы, күчү калбайт.
Үчүнчүдөн, тарбиялык сааттарды, класстан тышкаркы иштерди, коомдук иш-чараларды уюштура турган класс жетекчиге төлөнө турган акынын көлөмү өтө эле төмөн. Андыктан көп мугалимдер класс жетекчи болуудан жаа бою качышат.
Төртүнчүдөн, болочок мугалимдерди даярдоодо тарбиялык иштерди жүргүзүүгө аз көңүл бурулат. Ошондуктан көптөгөн мугалимдер тарбиялык иштерди жүргүзүүнү жакшы биле беришпейт.
Бешинчиден, тарбия маселесине мамлекет тарабынан да, коомчулук тарабынан да анчалык көңүл бурулбай калган.

Алдыдагы кадамдар жана жаңы концепциянын өзгөчөлүктөрү
Учурда жогоруда айтылгандарды эске алуу менен жаңы Жаштарды тарбиялоо концепциясы даярдалууда.
Жаңы концепция кандай болууга тийиш же анын негизги өзгөчөлүктөрү:
1. Ал буга чейинки тарбиялоо концепцияларын, алардын күчтүү жана алсыз жактарын, канчалык деңгээлде ишке ашкандыгын, кайсы бөлүктөрү толук же жарым-жартылай ишке ашпай калгандыгын, анын себептерин талдоо менен даярдалышы;
2. Жаңы концепциянын кыска, так жана түшүнүктүү жазылышы;
3. Концепциянын конкреттүү жана иштеп кете турган болушу;
4. Концепциянын борборунда баланын кызыкчылыктарынын, анын дараметин ачуунун, шайкеш өнүккөн инсан катары калыптануусунун туруусу;
5. Жаштарды тарбиялоо жаатында мамлекеттин саясаттын концепцияда так чагылдырылышы;
6. Концепцияны кеңири коомчулук менен талкуулоо жана бул жаатта маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
7. Концепцияны ишке ашырууга бардык тараптардын (мектеп жамааты, ата-энелер, жаштардын өздөрү, коомчулук, активисттер, билим берүүнү башкаруу органдары, жергиликтүү жана борбордук бийлик ж.б.) катышуусу.
8. Улуттук жана жалпы адамзаттык асылдыктардын карым-катышынын так чагылдырылышы.
Концепциянын мазмуну жана түзүмү
1. Чийменин өзөгүндө бала, анын кызыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү болот. Мында өзүн таанууга, өзүн тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат. Жаштарды тарбиялайбыз дегендер кечке кургак акыл айткандан качып, баланын өзү тарбиялоо процессине активдүү катышуусу абдан маанилүү.
2. Аны курчап тургандар же инсан аралык мамиле:
 достору
 чөйрө
 ата-энеси, үй-бүлөсү
 билим берүү уюму (бала бакча, мектеп ж.б.)
 интернет ресурстары
3. Улуттук жана жалпы адамзаттык асылдыктардын катышы.
Албетте тарбиялоо процессинде улуттук да, жалпы адамзаттык да асылдыктар эске алынышы зарыл. Бирок, алардын ортосундагы өз ара байланыш, карым-катыш кандай болот?
Улуттук асылдыктар тарбиялоонун пайдубалын түзөт. Аны мындай элестетсек болот. Үй курарда фундамент куюлуп, андан канча кабат болоруна жараша узун арматуралар чыгарылып, үй толук кандай куруларын элестетип турат. Тарбиялоодо улуттук асылдыктарды ушул көрүнүшкө окшоштурсак болот. Ал бүтүндөй тарбиялоонун пайдубалы болот жана жалпы адамзаттык асылдыктар аны менен айкалышып турат. Ошол эле учурда жалпы адамзаттык асылдыктарды көңүлгө албай койсок, анда биздин тарбиябыз фундаменти куюлуп, ошол боюнча калып кеткен имараттын бөлүгүндөй болуп калат.
4. Тарбиялык иш-аракеттер төмөнкүдөй багыттарда жүргүзүлөт:
1) Өзүн-өзү тарбиялоо
1.1. Акыл-эс тарбиясы
 Интеллектуалдык өсүп-өнүгүүгө тарбиялануу
 Өзүн-өзү таанууга тарбиялануу
 Ден-соолугуна кам көрүүгө үйрөнүү
 Терс жүрүм-турумдарга, адаттарга сынчыл кароого үйрөнүү
1.2. Жан дүйнө тарбиясы
 Эстетикалык тарбия
 Рухий тарбия
 Адептик тарбия
 Ыйман тарбиясы
 Напси тарбиясы
1.3. Үзгүлтүксүз тарбиялануу көндүмү
2) Үй-бүлөлүк тарбия
3) Башкалар менен мамиле түзө билүүгө тарбиялануу
 Мамиле түзүүгө үйрөнүү
 Толеранттуулукка тарбиялануу
 Башкаларга кам көрүүгө, жан тартууга үйрөнүү
4) Эл-жерди сүйүүгө, мекенчилдикке тарбиялануу
5) Жарандык аң-сезимди калыптандыруу жана укуктук тарбия
 Экологиялык тарбия
 Экономикалык тарбия
 Эмгекке тарбиялануу
 Жыныстык тарбия
 Кесипти сүйүүгө тарбиялануу
Жаңы концепцияны кантип ишке ашырабыз?
1. Концепцияны коомчулук менен кеңири талкуулагандан кийин кабыл алуу.
2. Жаңы тарбиялоо концепциясы боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана маалымат кампанияларын өткөрүү.
3. Концепцияны ишке ашырууга бардык тараптарды (мугалимдер, ата-энелер, адистер, жаштар, активисттер, коомчулуктун өкүлдөрү) тартуу.
4. Жаштарды тарбиялоо концепциясынын негизинде программа жана иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилип, анын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзүлүп, бааланып турат.
Урматтуу окурмандар, бала тарбиясы баарыбыз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан Жаштарды тарбиялоо концепциясына баалуу ойлоруңуздарды кошот деп терең ишенебиз жана баарыңыздарды талкууга чакырабыз.
Концепциянын тексти талкуулоо үчүн ушул жумада Кыргыз билим берүү академиясынын сайтына жайгаштырылат: kao.kg

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов