Skip to content Skip to navigation

МУГАЛИМДИН АБРОЮ

Эч кайсы билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору болушу мүмкүн эмес деген учкул сөздүн маанисин талдап көрсөк, мугалимдердин деӊгээли билим берүү сапатын аныктай тургандыгын түшүнөбүз. Мугалимдер жаштарга билим жана тарбия берүүчү инсандар экени талашсыз. Чын эле, билим сапаты мугалимдин кесипкөй деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп бакубат болуусуна түздөн түз таасир этет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана рухий маселелердин күчөшүнө таасир этиши мүмкүн. Керек болсо

Эч кайсы билим берүү системасы ошол системада иштеген мугалимдердин сапатынан жогору болушу мүмкүн эмес деген учкул сөздүн маанисин талдап көрсөк, мугалимдердин деӊгээли билим берүү сапатын аныктай тургандыгын түшүнөбүз. Чын эле, билим сапаты мугалимдин кесипкөй деңгээлинен көз каранды. Мугалимдер күчтүү болсо, өлкөнүн өнүгүп, бакубат болуусуна түздөн түз таасир этет. А билим деңгээлинин төмөндүгү мамлекет ичиндеги саясий, экономикалык жана рухий маселелердин күчөшүнө таасир этиши мүмкүн. Керек болсо мамлекеттин коопсуздугу менен көз карандысыздыгы да билим берүү сапатына байланыштуу.

Тилекке каршы, азыркы учурда мугалимдердин макамы абдан төмөндөп кеткен. Коомчулукта негизинен мугалимдердин кемчиликтери жактары сынга алынып, массалык маалымат каражаттары аркылуу көбүнчө терс жактары чагылдырылат. Бул көрүнүш азыркы жаштардын мугалимдик кесипти тандоосуна бөгөт койгону талашсыз. Мугалимдин макамын жогорулатуу өтө зарыл. Ар кайсы мамлекеттерде жана эл аралык деңгээлде мугалимдин макамын жогорулатуу аракеттери болуп жатат. Мына ошондой аракеттердин көрүнүктүү эки мисалын келтирейин.

Биричиси – мугалимдердин аброюн көтөрүүгө багытталган ТАЛИС изилдөөсү (Teaching and Learning International Survey, TALIS) http://www.oecd.org/education/-talis/). ТАЛИС 2008-жылдан бери ар беш жылда өткөрүлүп келет. Ал мугалимдердин мектепте иштөө шарттарын жана билим берүү чөйрөсүн изилдейт. Изилдөө мектептеги билим берүү саясатын калыптандырууга, өз салымын кошууга шарт түзөт. Изилдөөгө мектеп деректирлери менен мугалимдер катышат.

ТАЛИС 2013 жыйынтыгы боюнча төмөнкү натыйжалар алынган: 1-мектептеги мугалимдин убактысынын 20 пайызы тартипти оңдоого, административдик документтерди толтурууга кетет. Бул, албетте, кесипке терс таасирин тийгизбей койбойт. Мектеп деректиринин 41% убактысы административдик жумушка кетет. Сурамжылоого катышкан мугалимдин болгону 30 пайызы коомдо мугалимдик кесип бааланат деп эсептешет.

ТАЛИСтин изилдөөсү төмөнкүдөй суроону камтыган: мугалимдердин окутуу жөнүндөгү ою, мектептин лидерлери, мугалимдин кесиптик иш-аракети, мугалимдин кесиптик өнүгүшү, мектептеги жагдай, мугалимдин өз жумушунан канааттануусу, мугалимдердин ар кандай катмардын жана диний чөйрөдөгүлөрдүн балдарына билим берүүсү. Жыйынтыгында ТАЛИС көптөгөн мамлекеттердин билим сапатын жакшыртууга көмөк берген. Мисалы, ТАЛИС жыйынтыктарынын негизинде Кытайдын Шаңхай шаарында мугалимдердин айлык маянасы 10% жогору көтөрүлдү. Ал эми Япония ТАЛИСтин жардамы менен бир канча керектүү маселелерин чечип, айлык акыларын жогорулатышкан. Ал эми Англияда болсо ТАЛИС негизинде мугалимдердин окуу жүктөмүн кызуу талкуулашкан. 2018-жылда өткөн изилдөөгө 46 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Дагы бири – Варки фонду (Varkey Foundation) 2013-2014-жылдан бери уюштуруп келе жаткан Глобалдык мугалимдер сыйлыгы (Global Teacher Prize). Бул сыйлыкты журналисттер мугалимдер арасындагы “Нобель сыйлыгы” деп атап коюшту. Бул сынакка дүйнөнүн булуң-бурчунан мугалимдер катыша алат, жеңүүчү мугалимге 1 миллион доллар акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле мыкты 50 жана мыкты 10 мугалимдер тизмесине киргендерге да атайын баалуу сыйлыктар берилет. Бул сынактын негизги максаты – мугалимдердин макамын жогорулатуу.

Сынактын алдында репрезентативдик тандоо менен сурамжылоо изилдөөсү жүргүзүлүп турат. Мисалы, Глобалдык мугалимдер макамын аныктоо үчүн ар кайсы өлкөлөрдө иштеген мугалимдердин индексин 5 өӊүттөн карап көрүшкөн. 1-мугалимдик кесиптин башка кесиптерге караганда кадыр баркы, 2-мугалимдердин коомдогу орду, 3-ата-энелер өз балдарын мугалим бол деп үгүттөшөбү, 4-окуучулар өздөрүнүн мугалимдерин урматташабы, 5-коомдун мүчөлөрү азыркы мугалимдердин маянасы кандай деген сурамжылоо жүргүзүшкөн. Ушул сурамжылоону Варки фонду 2013-жылы биринчи жолу өткөрүп, 21 өлкөдөн 21000 адамды катыштырышкан. Ар бир өлкөдөн ар кайсы тармактардагы 1000ден адам катыштырышкан. 1-суроосу башкаларга караганда мугалимдик кесиптин кадыр-баркы кандай деп салыштыруу үчүн баары болуп 14 кесипти сунушташкан. Рейтингге жайгаштыргыла деген суроого жогорку жана төмөнкү орундар деп белгилешкен.

Салыштырууга берилген кесиптерге башталгыч класстын мугалими, орто мектеп мугалими, мектеп деректири, милиция кызматкери, врач, менеджер, дизайнер, китепканачы, айыл өкмөтү, социалдык кызматкер, вебдизайнер, инженер, сот кызматкер кесиптери берилген. Мугалимдик кесиптин орду башка кесиптерге салыштырылган. Натыйжада мугалимдик кесип жогорудагы 14 кесиптин арасынан 7-8 орунга коюлган.

Сурамжылоого катышкан көпчүлүк мамлекеттерде жогорку класстын мугалимдери башталгыч класстын мугалимдеринен аброю жогору бааланган. Ал эми мектеп деректиринин аброю мугалимдик кесипке караганда жогорураак көрсөтүлгөн. Көпчүлүк катышуучулар мугалимдик кесипти н кадыр-баркы китепканачы жана социалдык кызматкер менен окшош деп баалашкан. Ата-энелер өз балдарын мугалимдикке үгүттөйбү деген суроого төмөндөкүдөй жооп алышкан: Кытайда көпчүлүк ата-энелер (50%) балдарын мугалим болушун каалайт. Грекия, Түштүк Корея, Түркиянын тургундары да ушундай эле ойлошот. Израилде болгону 8% ата-эне өз балдарын мугалим бол деп үгүттөшөт.

Окуучулар мугалимдерин урматташабы деген суроонун жыйынтыгы да кызыгуу жаратып, Кытай Эл Республикасында 75%, Түштүк Кореяда 55% тен өлчөмгө ээ болгон. Сингапур, Египет, Түркия мамлекеттеринде да респонденттер окуучулар мугалимдерин урматташаарын тастыкташкан. Ал эми начар көрсөткүчкө Бразилия, Израил мамлекеттери ээ.

Сурамжылоонун жыйынтыгында мугалимдерди сыйлаган Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрү экендиги аныкталган. Балким бул ошол элдердеги улууларды урматтоо тенденциясынын сакталып калганын көрүүгө болот. Сурамжылоонун 5-суроосуна да кызыктуу жооптор алынган. Дээрлик бардык мамлекеттерде айлык маянасы жогору болсо деген ойлорду айтылган. Бир гана Япония да мугалимдердин айлыгы бир аз азайтылса деген ойду айтышкан.

Бул сынакты уюштуруп сыйлыктарды берүүнүн максаты мугалимдик кесипти даңктоо, күчтүү адистерди кесипке тартуу. Сынакта мугалим окуучуларына жана жалпы эле коомчулукка тийгизген таасирине басым жасалат. Сынактын критерийлери төмөнкүдөй: 1-коомчулуктун колдоосу мектеп жамааттын, окуучулардын сын пикири аркылуу, 2-мугалимдин өзүнүн кесибине тийгизген таасири жана башка адамдарды мугалимдик кесипке тарта билүүсү, 3-окутууда инновациялык окутуу усулдарын колдоно билүүсү, 4-окуткан окуучуларынын ийгиликке жетүүсүнө өбөлгө болуусу, 5-мектептен тышкаркы учурда мугалимдик кесипти канчалык деңгээлде чагылдырып жатканы, 6-окуучуларды өз мекенин сүйүүгө даярдоо менен эле чектелип калбастан, аларга жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанытып билүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп бере алдыбы деген кызыктуу критерий болуп саналат.

Ошентип, Global Teacher Prize деген конкурска катышуу мугалимдердин аброюн көтөрөт деген ишеничтебиз. Тилекке каршы, 2013-2014-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан бул сынакка Кыргызстанда бир дагы мугалим катыша элек. Бизде деле мыкты мугалимдерибиз көп, алар ушул сынакка катышып, биринчи орунду жеңип алса, кандай сонун болмок. Олимпиадада медаль уткан спортсмендерибизге окшоп ошол мугалимдерди аэропорттон тосуп алып, коомчулугубуздун каарманы кылып даңазаласак!.. Канчалаган мугалимдерге шык, дем бермек жана мугалимдик кесипке жаштарыбыз дагы кызыга баштамак.

Сүрөттө: Кениядагы айылдык мектептин 36 жаштагы мугалими Питер Табичи былтыр «Дүйнөдөгү эӊ мыкты мугалим» конкурсунда жеӊип чыгып, Дубайда миллион доллар байге алды. https://tengrinews.kz/world_news/v-dubae-luchshemu-uchitelyu-v-mire-vruc...

Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору